Кара күрүч, карамык, гречиха (Faqopytum Gaerin) – кара күрүчтөр тукумундагы бир же эки жылдык чөп өсүмдүгү. Жапайы жана эгилме түрү бар. Өзөк тамырлуу, тамыры топуракка 1 м тереңдикке сүңгүйт. Көп кырдуу, ичи көңдөй, сабагы тик өсөт, көп бутактуу, бийиктиги 0,5–1,5 м. Жалбырагы үч бурчтуу, жүрөк сымал. Мөмөсү – кутуча дан. Даны күрөң, боз, кара түстө. 1000 даана данынын салмагы 20–30 г. Даны катуу кабыктуу. Кара күрүч кыска мөөнөттө өнүп, өсүүчү өсүмдүк. Өрчүү мезгили 60–90 күн. Үрөнү 5–6 см тереңдикке себилет. Ал баалуу акшак берет, анын даамы жагымдуу, сиңимдүүлүгү боюнча алдыңкы орунда. Данында 13–15%и белок, 2,0– 2,5%и кант, 2,0–3,0%и май; 2,2–2,5% күл заттары, адамга өтө пайдалуу микроэлементтер (темир, кальций, фосфор, жез, цинк, иод), органикалык кислоталар, В1, В2, Рр витаминдери жана башка бар. Кара күрүч гүлдөгөн учурда ар бир га жерден 100–120 кг бал топтоого болот. Кара күрүчтүн ондогон сорттору чыгарылган, анын ичинде Большевик-4, Шатиловский4, Калининская, Богатырь белгилүү. Кыргызстанда Богатырь сорту жакшы түшүм берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү