Кара көсөө (лат. Ustilaginales) – базидиомицеттер классына кирүүчү мите козу карындардын катары. Козу карынчасы (плодовое тело) жок, спора пайда кылуу менен өөрчүйт; ошол мите козу карындар пайда кылуучу өсүмдүк илдети.

Жүгөрү & Ustilago maydis.

Бул илдетке өсүмдүктүн жалбырак, сабак, машак жана башка органдары бүт бойдон же бир бөлүгү чалдыгат. Ал айыл чарбасына көп зыян келтирет. Дүйнөдө кара көсөө илдетин пайда кылуучу көптөгөн мите козу карындар белгилүү. Анын кээ бири өсүмдүктүн белгилүү гана түрүн (сулу, буудай, жүгөрү) жабыркатат. Буудай, кара буудай жана башка өсүмдүктөрдүн кара көсөөсү өзгөчө зыяндуу. Алардын сабагы менен кошо өсөт, гүлүнүн мөмөлүгүнө жеткенде жипчелери каралжын кара көсөө спораларына ажырайт. Жерге түшкөн спорадан 4 споралуу базидия пайда болот. Алар эки-экиден биригип, диплоиддүү абалында кайрадан дан өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүнө жармашат. Кара көсөө козу карындары келтирген зыяндарына жараша бир нече типке бөлүнөт. Алардын кээ бири өсүмдүк топуракта өнүп жатканда, айрымдары өсүмдүк баш алганда же бышып калганда, кээси вегетация мезгилинде зыянга учуратат. Каршы күрөшүү чаралары: өсүмдүктүн кара көсөөгө жана башка илдетке чыдамдуу сортторун чыгарып, өндүрүшкө киргизүү; жогорку агротехниканы колдонуу, өз убагында сээп, минералдык жана органикалык жер семирткичтер менен азыктандыруу; которуштуруп эгүү тартибин сактоо; тоңдурманы терең айдоо жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү