"Кара шери" (англ. The Dark Knight, орус. Тёмный рыцарь) — 2008-жылы тартылган супер баатыр тасмасы. Режиссеру, продюсери жана сценарийин биргелешип жазган Кристофер Нолан. "DC Comics" каарманы Бэтмэнди сүрөттөгөн тасма Ноландын "Кара рыцарь" үчилтигинин "Бэтмэн баштайт" (2005) тасмасынан кийинки экинчи бөлүгү. Тасмага Кристиан Бейл, Майкл Кейн, Хит Лежер, Гэри Олдман, Аарон Экхарт, Мэгги Жилленхол жана Морган Фриман тартылышкан. Тасмада Брүс Уэйн/Батман (Бэйл), Жеймс Гордон (Олдман) жана Харви Дент (Экхарт) Готэм шаарындагы уюшулган кылмышты жоюу үчүн биримдик түзүшөт. Бирок Бэтмэндин таасирин жок кылып, башаламандык жараткысы келген Жокер (Лежер) аттуу жашыруун лидер тарабынан коркунучка туш болушат.

Кара шери
Режиссеру Кристофер Нолан
Продюсер Эмма Томас
Чарлс Ровен
Кристофер Нолан
Сценарийи Jonathan Nolan
Кристофер Нолан
Оператору Уолли Пфистер
Негизинде Комикстен чыккан каарман
автору: DC Comics
Тартылгандар Кристиан Бэйл
Майкл Кейн
Хит Лежер
Гэри Олдмэн
Аарон Экхарт
Мэгги Жилленхол
Морган Фриман
Музыкасы Ханс Зиммер
Жэймс Нүтон Ховард
Редактору Ли Смит
Жайылтуучу Warner Bros. Pictures
Чыккан жылы
  • июль 14, 2008 (2008-07-14) (Нү-Йорк)
  • июль 18, 2008 (2008-07-18) (АКШ)
  • июль 25, 2008 (2008-07-25) (Британия)
Узактыгы 152 мүн.[1]
Өлкөсү  Улуу Британия[2]
 АКШ[2]
Тили Англис
Бюджети $185 млн.[3]
Киреше $1.005 млрд.[3]

Киносынчылар 2000-жылдардагы эң мыкты тасмалардын бири жана бардык мезгилдеги эң мыкты супер баатыр тасмаларынын бири деп тапкан жана жылуу пикирге ээ болуу менен көптөгөн рекорддорду жараткан. 287 киносынчы тасманы эң мыкты 10 тасманын ичине киргизишкен, ал эми 77 киносынчы 2008-жылдын эң мыкты тасмасы деп атаган. Тасма Оскардын 8 сыйлыгынын наамына талапкерлиги коюлган жана "Эң мыкты үн монтажы" сыйлыгын уткан. Лежер каза тапкан соң "Эң мыкты экинчи пландагы актер" сыйлыгы ыйгарылган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Кара рыцарь. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 13 -декабрь (бештин айы) 2014.
  2. 2.0 2.1 Кара рыцарь (2008). British Film Institute. Текшерилген күнү 16 -июнь (кулжа) 2014. Түп булактан архивделген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2014.
  3. 3.0 3.1 Кара рыцарь (2008). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 19 -март (жалган куран) 2009.