Карга - Саян-Алтайдын түрк-монгол элдеринде ыйык деп эсептелген канаттуу. Хакас этнографы, профессор В.Я. Бутанаев бирюсин-хакастардагы «харга» этнониминин (суг харгазы, таг харгазы) баштапкы маанисинде тотемдик негиз бар экендигин белгилейт. Хакастар (хакас- бирюсиндер) карганы ыйык тутушкандыгын, бул канаттууну табу (тыюу салуу) иретинде «кара таан» деп аташкан. Тунгус тилдүү элдерде (эвенктерде) харга «жапайы бугу» маанисин- деги этностук аталыштар бар. Мындан сырткары, жапайы бугу (эвенкче - «харги») - шамандардын идеологиясындагы тотемистик башатты аныктайт. Харги - шамандардын башкы колдоочусу, жетекчиси, устаты катары түшүнүк калыптанган. Карга - тува шамандарынын түшүнүгүндө оорулуунун жарасын айыктырууга жана өзүнө душман шаманды издеп табууга жардам берген. Бул мисалдар жалпы карга «харга» харги терминдеринин баштапкы тотемистик негизин аныктап жүрбөсүн? Тунгус тилдүү элдердин мифологиясында карга дүйнөнү жаратууга катышкан аялдын элесин берген. Ошондуктан бул канаттууга багышталып, курмандык чалынган көрүнүштөр арбын кездешет. Жунгар (ойрот-калмак) уруулук бирикмесине киришкен дөрбөт (дэрбэт) жана баиттерде «харгачууд» - «каргалар» аттуу уруктар болгондугу маалым. Бул фактылар карганын моңгол тилдүү урууларда да тотемдик канаттуу болгондугун тастыктаары шексиз. Карга - кыргыздын моңолдор, чекир саяк урууларынын курамындагы уруктардын аталышы катары белгилүү.

Corvus corax principalis

Колдонулган адабияттар түзөтүү