Карел мойногу

орусия менен финляндиянын чегарасында жайгашкан мойнук.

Карел мойногу (финнче: Karjalankannas; шведче: Karelska näset) — Балтика деңизинин Финн булуңу менен Ладога көлүнүн аралыгындагы кургактыктын кууш тилкеси.

Жашыл — Карел мойногу

Негизги маалымат түзөтүү

Бийиктиги 50 мге чейин, эң бийик жери 205 м (Лембола дөңсөөсү). Түндүк жагы гранит, гнейс тоо тектеринен, Борбордук бөлүгү жана түштүгү мөңгүнүн шиленди тектеринен турат. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон жалчалуу рельеф басымдуу. Вуокса дарыясы кесип өтөт; көлдөрү көп. Ийне жалбырактуу токой (карагай, кызыл карагай), Линдула мырза карагай токою (1738-жылы кеме курууга пайдалануу үчүн отургузулган). Мойнокто Выборг, Приозёрск, Всеволожск шаары, Финн булуңунун жээгинде Сестрорецк, Зеленогорск жана башка курорттук шаарлар орун алган. Карел мойногунун көп жери В. И. Лениндин турмушу жана ишмердиги менен байланыштуу. Мойнок 9-кылымдын аягынан Русь аймагынын бир бөлүгү болгон. 17-кылымдын башталышында Швеция тартып алган. 1721-жылы Россияга өткөн. 1918–40-жылдары басымдуу бөлүгү Финляндияга караган. 1940-жылы совет-финн согуштан кийин Совет мамлекетинин карамагына өткөн. Жөө жүрүү, лыжа жана суу туризми өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү