Карел тиликарелдердин тили. Финн-угор тилдеринин Балтика боюндагы финн топчосуна кирет. Үч диалектиге (карел, ливвик же олонец жана людик) бөлүнөт. Карел диалектиси финн тилине жакын. Карел тилиндеги байыркы жазма эстеликтер 13-кылымга таандык. Адабий эстеликтеринин көрүнүктүүлөрү 19-кылымда жазылган. Карел тилиндеги «Калевала» эпосу дүйнө жүзүнө белгилүү. Жазуусу латын алфавитинин негизинде иштелип чыккан. 20-кылымдын ортосунан орус жана финн графикасын колдонушат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү