Карл Лүдвиг Зигел (нем. Carl Ludwig Siegel, 1896-жыл 31-декабрь, Берлин - 1981-жыл 4-апрель, Гөтинген) - немис математиги.

Карл Зигел (1975).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Зигел Берлиндеги Гумбольдт университетинде математика, физика жана астрономия окуган. Анын мугалимдеринин арасында М. Планк жана Ф. Фробениустар болушкан. Зигел ошолордун таасири менен математик болуп калган. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда 1917-жылы аскерге алынган. Согуштан кийин Гөттинген университетинде окуган. Бул жердеги жетекчиси Э. Ландау болгон. 1922-жылдан тарта Франкфуртта математика профессору болгон. 1940-жылы АКШга жер оодарган. Согуш бүткөндөн кийин Гөттингенге кайтып келген.

Негизги эмгектерин сандар теориясы, дифференциалдык теңдемелер теориясы жана комплекстүү алмашманын функциялары теориялары жаатында кылган. Ага асман механикасындагы маанилүү эмгектер таандык.

Волф сыйлыгынын лауреаты (1978).

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү