Карпини, Жованни де Плано

Карпини Жованни де Плано (1182–1252) – италиялык элчи, саякатчы; кечил.

Перуджи шаарынын атактуу үй-бүлөсүнөн. Францизкан-минарит монах орденинин негиз-дөөчүлөрүнүн бири. Рим папасы Инно-кентий IVнүн тапшырмасы б-ча Моңгол хандыгынын ордосу – Каракорумга так маалымат алуу максатында элчи катары барган.

1246-ж. Каракорум башкы хан ордосуна келип, Үгөдөйдүн тун уулу Гүйүктү хан көтөрүү салтанатына катышкан. Карпини эки жолу – 1246-ж. жайында ж-а 1247-жылы кышында азыркы Кыргызстандын аймагын басып өткөн. Анын чыгармасында Чыгыш Теңир-Тоодогу көчмөн моңгол урууларынын жайланышуусу, турак жайлары, үрп-адаты, дини, моңголдордун ж-а аларга баш ийген элдердин админ.-мамл. түзүлүшү, ошондой эле жайыт – феодалдык менчик экендиги, көчмөн калктын феодалдарга көзкарандылыгы жөнүндө маанилүү тарыхый маалыматтар берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү