Картель (французча саrtel, италянча саrtello, carta – кагаз, документ) – экономикалык жана юридикалык жактан бири-бирине көз каранды эмес ишканалардын көбүрөөк пайда көрүү үчүн экономикалык биригүү формасы. Картелге бириккендер өндүрүш көлөмүн жөнгө салуу, бирдей базар бааларын орнотуу, өндүрүлгөн продукцияны өткөзүү, жумушчу күчүн жалдоо жана башка боюнча макулдашышып, келишим түзүшөт. Картелге кирген бардык ишканалар өзүнүн өндүрүштүк жана коммерциялык өз алдынчалыгын сактап калат. Картелге бирдей продукция өндүргөн ишканалар биригет. Картель базар экономикасында монополиялык көзөмөлгө ээ болгондуктан, көбүнчө көмүскө түрдө түзүлөт. Алар көбүнчө кыска убакытка түзүлүп, туруксуз болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү