Карфаген (финикийче Картхадашт – жаңы шаар) – Түндүк Африкадагы байыркы кул ээлик шаар-мамлекет. Ал Биздин заманга чейинки 7–4-кылымдарда Түндүк Африканын жээк бөлүктөрүн, Түштүк Испаниянын жана Жер ортолук деңиздеги айрым аралдарды бийлеп турган. Карфагенди Биздин заманга чейинки 825-жылы Тир шаарынан чыккан финикиялык колониячылар негиздеген. Географиялык абалынын ыңгайлуулугу анын ири соода борбору болушуна шарт түзгөн. Кол өнөрчүлүк менен ири кул ээлиги (айыл чарбасында) кеңири өнүккөн. Карфагенге баш ийген калктар Карфаген бийлөөчүлөрүнө натуралай салык берип, финикиялык колониялар соода кылганы үчүн бажы төлөп турушкан. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын башында Сицилия бүт бойдон (Сиракузыдан башкасы) Карфагендин карамагына өткөн. Сицилия 1-Пуни согушу (264– 241-жылы) мезгилинде Карфаген менен Римдин ортосунда талашка түшкөн. Бул талашта Карфаген жеңилип, Сицилиядан баш тарткан. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын 30–40жылдарында Карфагенде бийлик Гамилькар Барка башкарган демократиялык топтун колуна өткөн. Биздин заманга чейинки 237жана 219-жылы Карфагенди бийлөөчүлөр өз мамлекетинин согуштук күч-кубатын чыңдоо менен эле чектелбей, Испанияда ээлеген жерлерин кеңейтүүгө жетишкен. Биздин заманга чейинки 219-жылы Карфаген башкаруучусу Ганнибалдын Сагунта шаарын курчап алышы 2-Пуни согушунун (Биздин заманга чейинки 218–201) чыгышына себеп болгон. Карфаген бийлөөчүлөрү Замда (Биздин заманга чейинки 202-жылы) жеңилген соң Рим менен тынчтык келишим түзүүгө аргасыз болуп, Испаниядагы бийлигинен ажыраган. Римдиктер Карфагендин экономикалык жактан кубаттанып кетишинен кооптонушуп, 3-Пуни согушун (Биздин заманга чейинки 149–146-жылдары) ачкан. Мында Карфаген аскери жеңилип, калкы кулдукка сатылган. Карфаген аймагынын бир бөлүгү нумидиялыктарга өткөн, калганы Римдин Африкадагы провинциясына айланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү