«Карышкырлар менен бий» (англ. Dances with Wolves, орус. Танцующий с волками) - 1990-жылы Америкада жарык көргөн вестерн жанрындагы тасма. Режиссеру жана продюсери Кевин Костнер, тасмада башкы ролду да өзү жараткан. Фильм Майкл Блейктин ушул эле аталыштагы 1988-жылы жазган китебинин ылайыкташтырылган түрү. Тасмада Бириккен армия лейтенанты Американын чек арасына аскердик жумуш издеп барганы жана түпкү лакота эли менен болгон мамилелери тууралуу баяндалат.

Карышкырлар менен бий
Режиссеру Кевин Костнер
Продюсер
Сценарийи Майкл Блейк
Оператору Дин Семлер
Негизинде Карышкырлар менен бий
автору: Майкл Блейк
Тартылгандар
Музыкасы Жон Барри
Редактору Нейл Трэвис
Жайылтуучу Orion Pictures
Чыккан жылы
  • октябрь 19, 1990 (1990-10-19) (Uptown Theater)
  • ноябрь 9, 1990 (1990-11-09) (АКШ)
Узактыгы 181 мүн.[1]
236 мүн. (алтернативдүү версия)
Өлкөсү  АКШ
Тили
Бюджети $22 млн[2]
Киреше $424.2 млн[2]

Костнер тасманы 15 млн долларлык бюджет менен тарта баштаган. «Карышкырлар менен бийдин» тартылышына чоң сумма сарпталган жана ал Оскар киносыйлыгынын «Эң мыкты тасма» номинациясы менен кошо жети байгесин алып кеткен. Андан тышкары Алтын глобустун «Эң мыкты тасма — драма» сыйлыгына татыган. Фильмдеги көпчүлүк диалогдор лакота тилинде жүрөт жана англисче субтитр менен коштолот. Кино Түштүк Дакота менен Вайомингде тартылып, Синт Глеска университетинин Лакота таануу бөлүмүнүн башчысы Альберт Уайт Хат тарабынан которулган.

Тасма Голливуддагы вестерн жанрындагы кинонун кайра жаралышына салым кошот деп таанылган. 2007-жылы «Карышкырлар менен бий» Конгресс китепканасы тарабынан «маданий, тарыхый же эстетикалык жактан маанилүү» деп табылып, АКШнын Улуттук кинотасмалардын реестрине киргизилген.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Dances with Wolves. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 29 -июль (теке) 2015.
  2. 2.0 2.1 Dances with Wolves (1990). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 29 -июль (теке) 2015.