Карьер (французча carrière – таш чагылуучу жай ) – ар кандай кенди жер үстүнөн ачык казып алуучу тоо-кен өнөр жайынын ишканасы; кен казып алынуучу жер. Таш казылып алынган алгачкы ири карьерлер Байыркы Египетте (пирамида жана храм комплекстерин курууда) пайда болгон. Кийинчерээк, антикалык доордо мрамор Карьерде казылып турган. 2000-жылы курулуш материалдардын 95%и, темир кен ташынын 90%и, күрөң жана таш көмүрдүн 65%тейи карьерден казылып алынган. Азыркы учурда карьер – өндүрүштүк машиналар жабдылган, жогорку деңгээлде механикалаштырылган ишкана (уратуу, жүктөө, ташуу жана түшүрүү жана башка). Карьерде жардырууну колдонгон жана жарылгыч заттарсыз иштеген – карьер комбайндары жана башка түрлөрү кеңири колдонулууда. Жардыруу үчүн жанында даярдалган көбүнчө тротилсиз жардыргыч заттар колдонулат. Ал эми жардыруу иштери кыйын болгон жерлерде заводдо даярдалган майда тротил жарылгыч заттары пайдаланылат. Карьер бир нече тектирден жана тектирчелерден туруп, блокторго бөлүнөт. Үстүнөн төмөн карай иштетилет. Карьердин өндүрүмдүүлүгү өтө зор. Суткасына 10 миңдеген тоннадан көмүр казып алууга болот. Кээде көмүр 350–500 м тереңдиктен казылат. Тоо тектерди, кен таштарды, көмүрдү жана башка жардырган кезде, ичтен от алуучу механизмдер иштегенде, газдардын бөлүнүп чыгышынан, талкаланган тектер менен кен таштардын урашынан зор көлөмдөгү зыяндуу газдар жана чаңдар бөлүнүп чыгып, карьердин атмосферасын булгайт. Аба менен аралашып, анда иштеп жаткан жумушчулардын ден соолугуна чоң зыян келтирет. Мындай булганган атмосфераны тазалоо үчүн карьерди тынымсыз желдетип туруу зарыл. Табигый жана жасалма жол менен желдетүү иштери жүргүзүлөт. Табигый желдетүүдө ылдамдыгы 2–4 м/секга жеткен жергиликтүү шамал же термиялык ыкма колдонулат. Термиялык ыкмада жылуу аба жең ил болгондуктан, жогору көтөрүлүп, муздак аба төмөн түшөт. Натыйжада аба алмашат. Табигый желдетүүдө тереңдиги 200 мге жеткен карьердин булганган абасын тазартууга болот. Андан терең болсо жасалма желдетүү талап кылынат. Анда атайын желдеткичтер колдонулат. Бир эле карьер менен иштетилүүчү кен тулкусу, көмүр катмары карьер талаасы деп аталат. Талаанын узундугу жүздөгөн мден 2– 4 кмге жетет. Туурасы көмүр катмарынын жантаюу бурчу менен тереңдигине көз каранды. Талаанын үстүнкү бети карьердин капталдары менен чектелет. Асты анын таманы болуп саналат. Талаага геологиялык планда көрсөтүлгөн кен тулкусу, анын ачык түрдө үнөмдүү казылып алынуучу өлчөмү кирет. Түз, тегиз, бир аз жантайыңкы орун алган көмүр катмарын казып алуу иши талаанын аянтына, жүргүзүлүп жаткан иштин темпине, механизмдердин тездигине, жүктөп ташуу процесстерине көз каранды. Аянты 10–40 км2ге жеткен карьер талаасындагы кен тулкусу 2–10 млрд м3ге барабар келет. Карьерде кен байлыктарды ачык казып алууда, ташууда карьер транспортунун мааниси зор. Негизги жүк – кен таш, көмүр, тоо тектер. Буларды кен казып алып жаткан жерден жүктөп, кен ылгоо фабрикасына, кен талкалоочу цехтерге, кен топтоочу пункттарга же таштандыга жеткирүү керек. Жылына млндогон тонна жүк ташылат. Бул процесс бардык техникалык иштерди камтып, көп каражат жумшалат. Транспорт өз ичинен үзгүлтүктүү жана үзгүлтүксүз эки топко бөлүнөт. Үзгүлтүктүү транспортко темир жол, автомобиль, жүк көтөргүчтөр, крандар кирет. Конвейер, асма жол, гравитация, транспортёр, жүктөгүч машиналар, таштанды топтогучтар үзгүлтүксүз транспортко кирет. Айрым учурда комбинацияланган транспорттор да колдонулат. Казуучу, ташуучу механизмдер (скреперлер, жүктөгүчтөр, бульдозерлер) да иштейт. Жумшак, жеңил казылуучу кендер конвейер менен үзгүлтүксүз ташылат. Автотранспорттор (өзү төккүч автомобилдер) комплекстүү техникалык процесс болуп саналат. Ар кандай жабдуулар, приборлор, аспаптар ташылат. Жүк көтөрүү кубаттуулуктары 27 тонна дан ашкан өзү төккүч автомобилдер колдонулат. Карьерде казылган кендерди, тоо тектерин өзү кыймыл-аракетке келүүчү механизмдер – жүктөгүчтөр сузат, көтөрөт, жүктөйт. Тоо тектерин таштандыга төгөт. Дөңгөлөктүү, темир жолдуу, каз тамандуу жүктөгүчтөрдөн турат. Электрдик жана авто жүктөгүчтөр да колдонулат. Жер казат, дүмүр оодарат, жол салат, токой кыят. Туруктуу аракеттегилери механикалык, электр-механикалык же электр-гидравликалык туташтыруу аркылуу ишке киргизилет. Карьерде казылган кен таштарды, тоо тектерди бир жерден экинчи жерге ташууда автоматтык жүк түшүрүүчү, өзү жүктү оодаруучу автомобилдер пайдаланылат. Анын негизги бөлүктөрүнө кыймылдаткыч, шасси, кузов кирет. Мында гидромеханикалык, электр-механикалык трансмиссиялар (мотор, редуктор, дөңгөлөк) колдонулат. Жүк артка оодарылып төгүлөт. Жүк көтөргүчтүгү, кубаттуулугу, дөңгөлөктөрүнүн формасы, кузовунун чоңдугу боюнча бир топ түрдөн турат. Мисалы, МАЗ-525 (25 тонна), БелАЗ-548 (40 т), БелАЗ549 (75 тонна) жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү