Катапульта (латынча catapulta, грекче kata – ылдый жана раllein – ыргытуу дегенден) – 1) кыйраткыч нерселерди (жумуру таш, учталган устун, өрттөнмө челек жана башка) чыйратылган серпилгич аркандын жардамы менен ыргытуучу байыркы аскер куралы. Анын ыргытуу алыстыгы 250–850 мге жеткен. Байыркы гректер жана римдиктер катапультаны сепилдер менен чептерди алууда пайдаланган; 2) кемелердин палубасынан кыска аралыкта самолёт, планер жана башка учуучу аппараттарга баштапкы (старттык) ылдамдык берүүчү түзүлүш; 3) зарыл учурда учуп жүргөн учкучту же космонавтты отурган орундугу менен кошо автоматтык түрдө серпип (катапульталап) чыгаруучу курулма. Катапульталанган учкуч же космонавт жерге парашют менен түшөт; 4) механизмдерди сыноодо, катапульталоо ыкмаларын иштеп чыгууда, учкучтар менен космонавттардын ашыкча күч келүүлөргө машыктырууда колдонулуучу жер үстүндөгү курулма.

Колдонулган адабияттар түзөтүү