Категориялар (байыркы грек. κατηγορία (kategoria) – аныктама, пикир) – курчап турган дүйнө менен таанымдын өтө маанилүү, универсалдуу касиеттери менен алакаларын чагылдырган өтө жалпы жана фундаменталдуу түшүнүктөр.

Категориялар тааным менен тажрыйбанын тарыхый өнүгүшүн жалпылоонун натыйжасында пайда болушкан (мисалы: [[заттек жана аң-сезим, мейкиндик жана убакыт, себеп жана натыйжа, зарылдык жана кокустук, мүмкүндүк жана чындык).

Категориялар:
а) дүйнөнүн сүрөтүн;
б) ар кандай объекттерди адам тарабынан өздөштүрүүнүн ыкмаларын;
в) жалпы эле болмушту.

Анын ичинен адам болмушун түшүнүүнүн нормаларын иштеп чыгуунун каражаты болуп саналган философиялык түшүнүктөр жана ар кандай объекттерди түшүнүүнүн белгилүү бир тибин аныктагандыктан, категориялар адамдын ой жүгүртүүсү жана ишмердиги үчүн маанилүү методологиялык ролду ойношот.
Мисалы: «процесс» түшүнүгү категориалдык мааниде каралса, анда бардык кубулуштар, окуялар процесс түрүндө, башкача айтканда дайым өнүгүп, өсүп, калыптанып, динамикалуу алакада болуп турган процесстин калыпында түшүнүлөт.

Байыркы мезгилде категориялар нерселердин, кубулуштардын, энергиялардын белгилүү бир типтерин белгилөө үчүн колдонулган. Акырындык менен категориялардын логикалык иштеми ачык байкалып, алардын нерселердин ортосундагы алакалардын өзөктүү типтерин мүнөздөгөн түшүнүк катары ролу анык боло баштаган. Адамдын ишмердүүлүгүн калыптары өнүккөн сайын категориялар жалпылоочу түшүнүккө айланган. түшүнүктөр ар кандай категориялар чиеленген торду элестетет.

Категориялардын өз ара алакасы тууралуу маселе философтор арасындагы кызуу талаш-тартыштарды пайда кылат: ал тургай категориялардын эң мыкты системасын түзүүгө карата аракеттер да болгон. Бирок, мындай аракеттерден эч майнап чыккан эмес. Ал тургай Гегелдин категориялар системесынын калыпындагы «гармониялуу» деп эсептелген системанын кризиси көптөгөн философтор тарабынан классикалык философиянын күнүнүн бүтүшү катары кабыл алынган. Табигый жана коомдук процесстердин үстүнөн түзүлгөн категориялардын иерархиялуу системасын курууга болгон философиялык «долбоор» келечексиз гана эмес, негизсиз да экендиги анык болгондо метафизиканын күнү бүттү деп жарыяланылган.

Метафизиканы сындоо менен философиянын дарегине айтылган дооматтар төмөнкүдөй мотивтерден турган:
1) категориялардын конкреттүү кубулуштардан, окуялардан, алакалардан обочолонгон мүнөз күтүшү,
2) турмуш динамикасына, айкын изилдөөлөргө, адамдардын жеке өнүгүшүнө кайдыгер мүнөздөгү категориялар системасынын иерархиясы жана бекемдиги.

Мындай мотивдердин аралашуусу философиянын, теориялык жана кадыресе ойломдун категориялык маданияты тууларуу маселени 20-кыымдын философиясында узак мезгилдер бою философиялык изилдөөлөр чөйрөсүнөн сүрүп салган. Бирок, онтологиялык, социалдык-философиялык, экзистенциялдык жана маданият таануу көйгөйлөрүн иштеп чыгуунун жүрүшүндө категориялар тууралуу маселе учурдагы философиянын изилдөө талаасынан чыкпагандыгы анык болгон.
Мисалы: жалпы менен жеке, коомдук жана жеке, маданий жана табигый нерселердин иерархиялуулугун сынга алуу аркылуу аталган категориялардын өз ара табигый жана маданий байланышынын негиздерин четке кагуу мүмкүн эмес.

Категориялык структураларды сынга алуу категориялык динамиканы четке какпайт. Экзистенциализм тарабынан философияга киргизилген болмуштун экзистенциалдуу көйгөйлөрү адамдын жеке турмуштун тажрыйбасын категориялар аркылуу чагылдырууга болгон аракет болуп саналат. Салтуу рационализмде философиялык маанайда болбосо да, илимий өңүттө категориялардын үстүнөн бир кыйла иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Ошого карабастан, система, уюмдашуу, Түзүлүш түшүнүктөрү категориялык статуска ээ болушкан.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8