Категориялык императив (лат. imperativus – буйруу, буйрук берүү) – илимге И. Кант тарабынан киргизилген жана анын этикасынын негизги түшүнүгүн белгилеген термин. Императив деп эрктин (ички дүйнөнүн) буйруктарын атоо менен Кант алардын гипотетикалык жана категориялык деп аталган эки түрүн айырмалаган. Гипотетикалык императивдер эмгек процесси же күнүмдүк тиричилик менен коштолуп жүргөн эрктик иш-аракеттерге кирет. Аларга баш ийүү менен адам алдына өз иш-аракетинин адеп-ахлактык максаты тууралуу маселе койбойт, болгону эле берилген максатка ылайык каражаттарды тандоо тууралуу маселени чечет. Врач жана уу берип жаткан адам өз ишин бирдей деңгээлде ийкемдүү аткарышы мүмкүн, бирок, биринчиси адеп-ахлактуу, ал эми экинчиси адеп-ахлаксыз максатты көздөшөт. Гипотетикалык императивдерден айырмаланып, категориялык импертив адамдын иш-аракетинин адеп-ахлактуу жагын аныктайт.

Категориялык императив эки аныктамага ээ. “Практикалык акылдын сыны” деп аталган эмгегинде Кант категориялык импертивди мындайча аныктаган: “Эркиңдин максимасы ошол эле учурда өтө жалпы мыйзамдын принциби боло алгыдай ишти кыл”. Экинчи аныктаманы Кант “Кулк-мүнөздүн метафизикага карата негизги жоболор” деп аталган эмгегинде берген: “Сен тарабынан өзүң жана башкалар түрүндөгү адамзат жөн гана каражат эмес, максат катары каралууга тийиш болгон ишти кыл. Кантка ылайык категориялык императив практикалык акылдагы өтө жалпы жана жалпыга милдеттүү мыйзам болуп саналат. Келип чыгышына, тегине, байлыгына, бийлигине карабастан, бардык адамдар категориялык императивге баш ийүүгө милдеттүү. Адептүү адам ар кандай жагдайларга карабастан, категориялык императивге баш ийүү менен аны өзүнүн бийик парзына айландырып алат. категориялык императивдин өтө жалпылыгын, диндин талаптарынан көз карандысыздыгын, бардык адамдардын моралдык мыйзамдын алдындагы тең укутуулугун жарыялоо менен Канттын адеп-ахлак мыйзамдары ошол кездеги Германияда үстөмдүк кылган феодалдык христиандык моралдын негизги абалдарынан кескин айырмаланган. Адамды каражат эмес, максат катары кароо, бардык адамдардын моралдык мыйзамдын алдындагы тең укуктуулугун жарыялоо менен Канттын категориялык императиви антифеодалдык мүнөз күткөн. Ошол эле учурда категориялык императив Руссо менен француз материалисттеринин этикалык идеяларына каршы келген. 18-кылымдагы буржуазиялык революциянын идеологдору эң бийик максат катары жалпы бакытка жетүүнү атап жана бул максатка жетүү үчүн күрөшкө чакырышса, Кант бакытка жетүү эч мүмкүн эмес деп эсептеген. Анын пикири боюнча, жалпынын принцибине айланган бакытка умтулуу коомдук кызыкчылыктардын гармониясын эмес, ыйкы-тыйкылар менен карама-каршылыктарды пайда кылат. Ошол себептен инсандан өзүм билемдик менен адилетсиздикке каршы активдүү күрөшкө чыгууну талап кылбайт. Канттын пикири боюнча, максат болуп категориялык императивге ылайык келген ой менен маанайды түзүү гана болуп саналат. Бул болсо Канттын этикасынын негизги мыйзамынын формализмин жана мазмунсуздугун аныктайт. Кант ар кандай доорлор менен таптардын моралынын ортосундагы айырмачылыктарга көңүл бурбастан, бардык адамдарга, таптарга жана элдерге бирдей даражада мүнөздүү болгон жалпы моралдык аң-сезимди негиздеген. Француз революциясынын Канттын философиясы менен этикасына тийгизген таасирин көрсөтүү менен Маркс жана Энгельс мындай деп белгилешкен: Кант “...француз буржуазиясынын материалдык мотивдерге ээ эркин (каалоо-тилегин) “эркин эрктин”, таза эрктин, адам эркинин аныктамасына айландыруу менен анын моралдык постулаттардын идеологиялык аныктамасын пайда кылган” Канттан кийинки буржуазиялык этиканын өкүлдөрү категориялык императив түшүнүгүн өздөрүнүн адеп-ахлак теорияларын негиздөө үчүн арбын колдонушкан. Субъективизмдин позициясында Канттын окуусун сынга алуу менен Фихте категориялык императивге “Ар дайым маңдайыңа жазылган ишти кыл” деген аныктама берген. Бул аныктамага ылайык, ар бир адам өзүнө гана арналган милдетти аткарып, ошол максатка жетүү үчүн жашайт. Канттын моралынын абстракттуу, нормативдүү мүнөзү Гегель тарабынан четке кагылган. Гегель категориялык императивди “көңдөй формализм”, “парздын урматын көздөгөн парз, “түбөлүк милдеткер болуу” ж. б. атаган. Фейербах Канттын категориялык императивине каршы чыгуу менен жападан-жалгыз категориялык императив болуп бакытка умтулуу жана эң зарыл керектөөлөрдү канааттандыруу эсептелет деген.

Классикалык немис философиясынын өкүлдөрү категориялык императивди формалдуу, абстрактуу, ригоризмдүү мүнөзү үчүн сынга алып жаткан учурда, Канттын категориялык императивинин аталган белгилери неокантианчылыктын этикалык окууларында оң бааланып, өзгөчө түрдө өнүктүрүлө баштаган. Канттын моралынын ригоризми жана милдеттүүлүгү адеп-ахлактуу жана саясий оппортинизмди актоо үчүн пайдаланылган. Неокантианчылар категориялык императив тууралуу окууга таянуу менен таптык антагонизмге негизделген коомдо жалпыга, бардык таптарга бирдей адеп-ахлактын болушу мүмкүн эмес деп белгилеген марксисттик-лениндик теорияга каршы чыгышкан. Категориялык императивдин талаптары неокантианчылар тарабынан жалпы адамзаттык мүнөзгө ээ, ал эми бул принципке негизделген этика адеп-ахлактуулуктун өтө жалпы теориясы катары бааланган. Неокантианчы-ревизионисттер М. Адлер, Э. Бернштейн, Л. Вольтман ж. б. тууралуу окууну “этикалык социализм” теориясын негиздөө үчүн пайдалангысы келген. Коомго карата өздүк көз караштарын марксисттик-лениндик окууга каршы коюу менен этикалык социалисттер социализмди адамзаттын К. И. катары карашкан. Алар пролетардык революциянын зарылдыгын четке кагуу менен социализмге адеп-ахлактык жактан жакшыруу жолу менен жетүүгө болоорун далилдөөгө аракет кылышкан. Мындай жакшыруунун натыйжасында эсплуаторлор да, эксплуатациялангандар да категориялык императивге баш ийүүгө мажбур болушат. Учурдагы айрым батыш философтору, мисалы, натуралисттик этика деп аталган окуунун өкүлдөрү категориялык императивди өз окуусуна ылайык чечмелөө менен кеңири пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8