Катетер - табигый жолдорго, дене көңдөйүнө, лимфа менен кан тамырларга дары каражаттарын, рентген контрасттуу заттарды куюу, ошондой эле оорунун диагнозун коюу, дарылоо максатында анын ичиндеги суюктукту чыгаруу (катетерлөө) үчүн колдонулуучу түтүк сымал медициналык аспап.

Катетер.

Катетерлөөдө асептика эрежелери сөзсүз сакталууга тийиш. Кулак ооруларын дарылоодо учу жоонойгон металл Катетер менен кулак тарсылдагын угуу түтүгү аркылуу үйлөтөт. Кардиологияда атайын жүрөк Катетер кан тамыр жолу боюнча анын көндөйүнө жиберилип, диагнозу, хирургиялык операциянын мүнөзү, көлөмү аныкталат. Урологияда атайын катетерлөөчү цистоскоп колдонулуп, анда заара чыгаруучу жолдордун ооруларын диагноздоо жана дарылоо процедуралары жүргүзүлөт. Катетерлөө көбүнчө бөйрөк чөйчөкчөсүндө, табарсыкта заара топтолуп калганда, заара жолдорунун сезгенүү ооруларын рентгендик изилдөө жана дарылоодо кеңири колдонулат. Катетер металлдан, резинадан, лак сиңирилген жибектен жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8