КатлаИсландиянын түштүгүндөгү өчө элек эң чоң жанар тоо. Бийиктиги 970 м. Кальдерасынын диаметри 10 км. Дүйнөдөгү эң ири Мюрдальсйёкюдль муздугунун түштүк-чыгыш бөлүгү менен жабылып турат. 10-кылымдан бери 14 жолу катуу атылуулар, акыркысы 1918-жылы болгон. Муздук астында атылуу музду ургаалдуу эритип, суу ташкындап, жээкти суу басып калууга алып келет. Ошондуктан бул жанар тоо Исландия үчүн дайыма коркунучтуу. Кийинки учурда Катланын активдешүүсү байкалууда.

Катла.
Катла (1918).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Volcano-stub Калып:Mountain-stub Калып:Hist-stub Калып:IS-geo-stub