Кашалот (латынче: Physeter catodon) – тиштүү киттер түркүмчөсүндөгү сууда жашоочу сүт эмүүчү. Эркегинин узундугу 15-20 м, салмагы 70 т, ургаачысынын узундугу 15 м, салмагы 30 тга жетет. Башы чоң, массивдүү, тулкусунун 1/3 бөлүгүн ээлейт. Тумшугу жазы, тукул. Оозу денесинин асты жагында. Үстүңкү жаагы тишсиз, астыңкысы 18-30 жуп тиштүү. Көкүрөк сүзгүчтөрү жазы, жон сүзгүчү узун, өркөч түспөлдүү. Кашалот азыгын издеп суунун 1000-1500 м тереңдигинде 1,5 саатка чейин жүрө алат. Бир эркек кашалоттун жанында 10-20 ургаачысы жүрөт (полигам), 5 жылда жыныстык жактан жетилет, ургаачысы жылына бирди тууйт, 50 жылча жашайт. Кашалоттун промыселдик мааниси чоң. Бирөөсүнөн 9-10 т май, 6 тга жакын спермацет алынат. Дүйнөлүк океанда алардын саны 300 миң чамалуу.

Калып:Bio-stub