Кашкулактарсуусарлар тукумундагы сүт эмүүчүлөр. Дене узундугу 60–90 см, куйругу 12–24 см. Жону, капталы боз, боору каралжын. Башынын эки жагында тумшугунан кулактарын көздөй кара жолчолор кетет. Буттары кыска, манжалары узунураак, тырмагы чоң, ийилип турат. Евразия токойлорунда, жарым чөлдө кездешет. Кыргызстанда да бар. Ийинде жашайт. Суук аймактарда кышкысын чээнге кирет. 1–6 бала тууйт. Кашкулак майда кемирүүчүлөр, бака, кескелдирик, омурткасыздар, өсүмдүк тамыр-сабагы, мөмө, жаңгак, козу карын жана башкалар менен ылгабай азыктанат. Майы дары катары керектелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү