Квантор жалпылыгы – предикаттардын логикасынын универсалдык айтуусун билдирүүнү мүмкүн кылган логикалык оператор. Квантор жалпылыгы символ менен белгиленет: квантор жалпылыгынын символу катары А тамгасы алынган. Мисалы: бардык х үчүн Р(х) орун алат деп айтуу керек болгондо, төмөнкүдөй жазылат: х Р(х) Бирок х А(х) мындай окулат: «Бардык х учурунда А(х) орун алат». Польшанын логикалык эмгектеринде квантор жалпылыгы кээде П символу менен, ал эми француз эмгектеринде Т тамгасы менен белгиленет. Табигый тилде квантор жалпылыгы колдонулбайт, бирок логикалык мааниси боюнча бул кванторго окшош сөздөр бар. Мисалы: «ар бир», «бардык» жана башка квантор жалпылыгы танууга болот. Ал үчүн квантордун үстүнө сызыкча коюлуп, төмөнкүдөй жазылат: хА(х). Бул мындай окулат: «Бардык эле х, А касиетине ээ эмес».

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8