Кварциткварц минералынан турган, метаморфизмделген тоо тек. Курамында слюда (мусковит, серицит, пирофиллит), турмалин, силлиманит, диаспор, топаз, андалузит, хлорит, эпидот, тальк, талаа шпаты жана башка кездешет. Өңү каралжын, күрөң, кызгылтым, көгүш, агала. Отко чыдамдуу. Курамында SiO2 95–99%ке жетет. Кварцтуу кумдуктар менен айрым магма тектердин күчтүү өзгөрүшүнөн пайда болот. Темир, цинк, коргошун, жез, молибден, алтын жана башка кендери байланыштуу. Отко чыдамдуу материалдарды жасоодо, металлургияда (флюс катары), курулуш ишинде кеңири пайдаланылат. Айрым түрү кайрак таш катары колдонулат. Орто Азия, Казакстан, Урал, Ыраакы Чыгышта көп жолугат. Кыргызстанда байыркы тектер менен бирге кездешет. Гидротерм процессинен өзгөрүүлөргө дуушар болсо, экинчи же туунду кварцит деп аталат.

Кварцит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү