Кездеме – атайын токуу станогунда жиптерден эриш-аркак токулган текстиль материалы. Кээде кездемеге түк, оймо-чийме, сүрөт түшүрүү үчүн эриш-аркактан жиптерден башка да кошумча жиптер пайдаланылат. Кездеме эндей жана даана түрүндө (жоолук, дасторкон жана башка) иштеп чыгарылат. Калыңдыгы 5 ммге, эни (туурасы) 1,5 м ге жетет. Кездеме була курамы, арналышы, ошондой эле, токуп чыгаруу, көркөмдөө жана түр салуу ыкмаларына карата класстарга бөлүнөт. Кездеме бардык текстиль булалары менен жиптерден токулат. Текстиль өнөр жай тармагына жана көп колдонулуучу була курамына жараша кебез, кендир, жүн, жибек кездеме жана башка болуп айырмаланат. Кездеменин түрү бир тектүү, аралаш жана бир тектүү эмес даярдалат. Бир тектүү кездеме бир түрдүү буладан жасалган жиптен же 10% башка жип аралаштырылат, аралаш кездеме түрдүү булалардан даярдалган жиптерден кезектештирилип токулат. Арналышына карата кездеме тиричилик жана техникалык болуп бөлүнөт. Болжол менен кездемелердин жалпы санынын 2/3 бөлүгү тиричилик кездемеси болуп эсептелет. Алар кийимдик (ич кийим, тыш кийим жана башка), көркөмдүк (эмеректик, пардалык жана башка) жана ным сиңиргич (сүлгү, салфетка жана башка) болуп айырмаланат. Кездеме токулуп чыккандан кийин жасалгаланат. Анда жуулат, агартылат, боёлот, ар кандай түр салынат жана башка технологиялык процесстерден өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү