Кекилик (лат. Alectoris) – кыргоолдор тукумундагы илбээсин куш. Дене узундугу 35 смге, салмагы 400–700 граммга чейин жетет. Жону боз, боор жагы саргыч боз, капталдарында туурасынан кеткен кара сызыктары бар. Тумшугу, буттары кызыл. Кекилик бөксө тоо, адырлардын сейрек бадалдуу таштак беттеринде жашайт. Евразия, Кавказ, Борбордук Азия, Түндүк Казакстан, Алтай жана башка жерде кездешет. Кыргызстанда 2 түрү бар. Көмүскө жерге уялап, 24кө чейин жумуртка тууйт. 23–25 күн басып, балапан чыгарат. Өсүмдүк уругу, жалбырагы, бүчүрү жана майда курт-кумурскалар менен азыктанат. комитетин эти даамдуу, ага аңчылык кылынат.

Alectoris chukar.

Колдонулган адабияттар түзөтүү