Кеннет Лейн "Кен" Томпсон (англ. Kenneth Lane "Ken" Thompson; 1943-жылы 4-февраль) – хакерлер чөйрөсүндө ken катары таанымал информатика илиминин америкалык пионери. Bell Labs корпорациясында иштеп жатканында, Томпсон Unix атуу алгачкы операциондук системин иштетип чыгарган. Томпсон ошондой эле С программалоо тилинен мурда келген В программалоо тилин ойлоп тапкан. Plan 9 системинин тунгуч ойлоп табуучусу. 2006-жылдан баштап окмуштуу Google корпорациясында иштеп баштап Go программалоо тилинин кош-ойлоп табуучусу болгон.

Кен Томпсон менен Деннис Ритчи.

Башка көрүнүктүү эмгектерине регулярдык туюнтма жана QED менен ed компүтердик тексттик редакторлор боюнча иштери, UTF-8 кодировкасынын аныктамасы жана шахматтык аяктоосунун маалыматтык базасын жана Belle шахматтык машинесин камтыган компүтердик шахматтар боюнча иштери кирет.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

  • Улуттук инженердик академиясы
  • 1980-жылы Томпсон "натыйжалуулугу, кеңдиги, күчү жана стили кичи компүтерлерди колдонуу муунуна алып келген UNIX операциондук системин ойлоп тапканы үчүн" Улуттук инженердик академиясынын мүчөлүгүнө тандалган.
  • Түриң сыйлыгы
  • 1983-жылы Томпсон Ритчи менен бирге "негизги иштетүү системинин теориясын иштетип жыгарганы жана өзгөчө UNIX иштетүү системин ишке ашыруусу үчүн" Түриң сыйлыгына ээ болгон. Томпсондун "Ишеним кылган ишеним боюнча ой жүгүртүүлөр" (англ. "Reflections on Trusting Trust") алкыш айткан сөзүндө окумуштуу Thompson hack катары таанымал болгон көз карандысыз компүтердик коопсуздугу катары каралган бэкдор чабуулун тартуулаган.
  • IEEE институтунун Ричард У. Хэммингтин медалы
  • 1990-жылы Электр-техника жана электроника инженерлердин институту "UNIX иштетүү системин жана Си программалоо тилин ойлоп тапканы үчүн" Томпсон менен Деннис Ритчиге IEEE институтунун Ричард У. Хэммингтин медалын ыйгарган.
  • Информатика илиминин тарых музейинин илимий коомчулугунун мүчөсү.
  • 1997-жылы Томпсон менен Ритчи "UNIX иштетүү системин жана Си программалоо тилин биргелешип ойлоп тапкандары үчүн" Информатика илиминин тарых музейинин илимий коомчулугунун мүчөлүгүнө кошулган.
  • Технология жаатындагы Улуттук медалы
  • Tsutomu Kanai сыйлыгы
  • Жапониянын сыйлыгы

Шилтемелер түзөтүү