Кератит - көздүн тунук челинин сезгениши.

Кератит.

Ооруну көбүнчө вирустар, чанда башка микроорганизмдер козгойт. Кератиттен көздүн тунук чели тунарып, көрүү начарлайт. Оорунун пайда болушуна көздүн тунук челинин травмасы, көз оорулары, түрдүү жугуштуу оорулар (грипп, бруцеллёз, чечек, кептөөр, туберкулёз жана башка) жана витамин жетишсиздиги себеп болот. Оорунун башталышында көздөн жаш агып, бир нерсе түшкөндөй болуп ооруйт, көз кызарып, көздүн тунук чели шишийт, жарыкты карай албайт. Кээде көзүн ача албай калат. Көздүн тунук челинин борбору сезгенсе көрүү начарлайт. Оорунун бул белгилери билинери менен врачка кайрылып, анын көрсөтмөлөрүн так аткаруу керек. Өз алдынча туура эмес дарылануудан чел кабыкты туруктуу ак басышы мүмкүн. Кератиттин себебин лабораториялык изилдөөдөн таап көз врачы дарылайт.

Оор, тез өөрчүүчү жана ириңдүү Кератитте ооруканада дарылануу керек. Кээде көздүн абалына карата операция да жасалышы мүмкүн (к. Кератопластика). Оорунун алдын алууда көздү травмадан сактоо, көздүн былжыр челинин жана жаш бездеринин сезгенүүлөрүн өз убагында дарылоо, жугуштуу оорулардан сактануу, өздүк гигиенаны сактоо керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8