Керенский Александр Фёдорович

Керенский Александр Фёдорович [22. 4 (4. 5). 1881, Россия империясы, Симбирск шаары – 11. 6. 1970, АКШ, Нью-Йорк шаары, сөөгү Лондонго коюлган] – орус саясий ишмери. Мамлекеттик 4-думанын депутаты (1912–17). Февраль революциясынан кийин (1917) Петроград кеңешмесинин төрагасы, 1917-ж. март айынан эсер. А. Керенский. Убактылуу өкмөттүн курамында юстиция министри (1917, март–май), аскер жана деңиз министри (май–сентябрь), 8 (21)-июлдан министр-төрага, 30-августтан (12-сентябрь) жогорку башкы командачы. 1917-жылдагы Июнь чабуулунун, 1917-жылдагы Июль күндөрүндө жумушчулар жана солдаттарды жазалоонун, большевиктер партиясын куугунтуктоонун демилгечиси. Петрограддагы Октябрь куралдуу көтөрүлүш күндөрүндө [25-октябрь (7-ноябрь)] Керенский-Краснов козголоңуна (1917) жетекчилик кылып, ал талкаланган соң [1(14)-ноябрь], Донго качкан. 1918-ж. Францияга эмиграцияга кетип, 1940-жылдан АКШда жашаган. Мемуарлардын, саясий изилдөөлөрдүн автору. Россиянын 1917-жылдагы саясий тарыхы боюнча маанилүү документтерди камтыган Орус Убактылуу өкмөтү, 1917: Документтер («Русское Временное правительство», 1917: Документы, vol. 1–3, 1961) жыйнагын чыгарган (америкалык тарыхчы Р. П. Браудер менен бирге), аны түзүүдө өзүнүн ишмердигинин ыңгайсыз жактарын чагылдырган документтерди жыйнакка киргизбей койгон. Чыг.: Русская революция, 1917. М., 2005; Дневник политика: революция началась. Издалека. Дело Корнилова. М., 2007.

Колдонулган адабияттар түзөтүү