Кетоз, ацетономия – кепшөөчү малдын организиминдеги белок, углевод жана май заттарынын алмашуусунун бузулушунан болгон ылаң. Көбүнчө саан уй, кой төлдөгөнгө чейин ылаңга чалдыгат. Дарттын негизги себеби – тоютта углевод жана протеиндин жетишсиздиги. Ал малдын сүттүүлүгүнөн, тукумчулдугунан жана малды сериндетпөөдөн болот деп божомолдолот. Ылаң мал тоютка көңүлү чаппай, ичегикарындын жана тоют сиңирүүчү бездердин иштеши бузулуп, кан, сийдик жана сүттө кетон заттары көбөйөт, сүтү тартылып, арыктайт. Ылаңды дарылабаса, мал өлүмгө учурайт. Дарылоодо венага глюкоза куюп, гормондук дары-дармектер берилет, тоютту көзөмөлдөө керек. Алдын алууда туура тоюттандыруу жана багуунун мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү