Кечилдик - социалдык, диний топ. Ислам дининде дервиш, православие христиан дининде - монах, будда (бутпарас) дининдегилерде - кечил жана башка деп аталышат.

Кечилдик.
Кечилдик.

Кечилдиктин таржымакалы түзөтүү

Кечилдер - тийешелүү диний ырасымдарды аткаруу үчүн башка пенделик ыракаттан баш тартып, ыбаадатканаларда же башка обочо жайларда жашоого ыктыяры мекнен баргандар.

Кечилдер тобунун мүчөлөрү дүйнөдөн безүү, үй- жай, мүлктөн кечүү, үйлөнбөө, туугандык жана социалдык байланыштарды үзүү, катаал тартипке баш ийүү сыяктуу эрежелерди аткарышкан. Тагыраак айтканда, бул жалган дүйнөдөгү бардык жыргалдардан баш тартуу жана башка дегенди туюнтат.

Кечилдик алгач байыркы Индияда б.з.ч. I миң жылдыкта буддизмдин (бутпарас дининин) чөйрөсүндө пайда болгон.

Андан соң, Кытай, Жапония, Тибет, Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөргө тарап, өнүгө баштаган.

Кечилдик (мусулмандарда - дербиштик) буддизм, ламаизм, христиан, ислам диндеринде кенен тараган.

Мисалы, дербиштик ордендер (Бекташтар жана башка) өзгөчө Осмон империясынын тушунда башка диндеги элдердин арасында ислам динин таратуу боюнча өтө жигердүү күрөшүшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү