Кең-Булуң

Чүй облусунун, Ысык-Ата районундагы айыл

Кең-БулуңКыргыз Республикасынын, Чүй облусунун, Ысык-Ата районундагы айыл. Кең-Булуң айыл аймагынын курамына кирет. БишкекБалыкчы автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 765 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кант шаарынан 45 км чыгыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 10 км. Кыштак 1921-ж. негизделген. Калкы 3308 (2007); негизинен дыйкан жана фермер чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү бар. Соода жана тамактануучу жайлар, турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Отурукташкан жай
Кең-Булуң
Өлкө Кыргызстан
Облус Чүй облусу
Район Ысык-Ата району
Координаттар 42°52′27″ с. ш. 75°07′50″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1921
Борборунун бийиктиги 765 м
Климатынын түрү кескин континенталдуу
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Расмий тили Кыргыз тили
Калкы 3687[1] адам (2020)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996 3132
Почта индекси 725015
Автоунаа коду C, S
Кең-Булуң (Кыргызстан)

Калкы түзөтүү

жылы 2009 2014 2020 2021 2022 2023 2024 2025 2026
адам. 2 927 адам.[2] 3411[3] 3687[1]

Калкы - Калып:Kyrgyzstan-stub

Колдонулган адабияттар түзөтүү