Кибальников, Александр Павлович

Кибальников Александр Павлович [9 (22). 8. 1912, Россия империясы, Саратов губерниясы, Орехово кыштагы – 5. 9. 1987, СССР, Москва шаары)] – советтик скульптор, СССР эл сүрөтчүсү (1963). СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1954). СССР Мамлекеттик сыйлыгынын (1949, 1951), Лениндик сыйлыктын (1959) лауреаты. 1963–66-жылдары РСФСР сүрөтчүлөр союзунун Москвадагы башкаруу бөлүмүнө төрага. Монументалист, портретчи. А. Кибальниковдун чыгармаларына психологизм мүнөздүү. Негизги чыгармалары: Н. Г. Чернышевскийдин (коло, 1948; СССР мамлекеттик сыйлык, 1949). В. В. Маяковскийдин (коло, 1954), П. М. Третьяковдун (мрамор, 1962) портреттери (баары Третьяков галереясында); Н. Г. Чернышевскийдин Саратовдогу (коло, гранит, 1953), В. В. Маяковский Москвадагы (коло, гранит, 1958) эстеликтери жана Бресттеги «Брест баатыр-чеп» мемориалдык комплекси (скульптор A. О. Бембель, архитектор В. А. Король жана бирге, 1971). Эмгек Кызыл Туу ордени жана сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү