Киндиа— Гвинеянын түштүк-батышындагы ири шаар. Киндиа префектурасынын административдик борбору. Калкы 181 миң (2008). Шаар 1904-жылы француздар тарабынан Киндиа — Конакри темир жолунун курулушуна байланыштуу негизделген. Француздук Батыш Африканын, 1958-жылдан көз каранды эмес Гвинеянын курамына кирген. Колдонмо биология жана Пастер институттары (1948), агрономия изилдөө борбору, Микробиология жана вирусология илимий лабораториясы ж. б. бар. Киндиа айыл чарба продуктуларынын (дан эгиндери, жемиш, мал) ири соода борбору. Тамак-аш (жемиш консервалары жана ширелери) өнөр жай ишканалары иштейт. Жыгач иштетилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү