Кинокомедия — кино искусствосунун бир түрү. Кинокомедияга турмуштагы айрым көрүнүштөрдү күлкүлүү кылып көрсөтүү мүнөздүү. Анын көптөгөн жанрдык формасы жана түрлөрү бар. Азыркы кинокомедияда коомдук жана моралдык маанилүү маселелерди көтөргөн сатиралык жана лирикалык элементтер камтылат. Дүйнөлүк кинокамедия искусствосунун өнүгүшүнө белгилүү актёрлор А. Дид (Италия), Ч. Чаплин (АКШ), Фернандель (Франция), М. Пуговкин, Г. Вицин, Л. Гурченко, Е. Леонов, А. Миронов, А. Мягков, Л. Ахеджакова ж. б. (Россия) чоң салым кошкон. Кыргызстанда айрым көркөм фильмдердеги («Менин жаңылыштыгым», «Арман», «Айыл өкмөтү» ж. б.) Ш. Түмөнбаевдин, А. Шаршеновдун, К. Абыловдун комедиялык ролдору таасирдүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү