Лавров Кирилл Юрьевич (15. 9. 1925, Ленинград – 27. 4. 2007, Санкт-Петербург ) – орус актёру, СССР эл артисти (1972). Социалистик Эмгектин Баатыры (1985). 1945-ж. Астрахань авиация-техника окуу жайын бүткөн. 1950-жылдан Киевде Леся Украинка атындагы драма театрында иштеген. Киного 1956- жылдан тартылган, аскердик журналист Синцовдун («Тирүүлөр жана өлгөндөр», 1964) ролу менен таанылган. Илимпоз, космос кемесинин конструктору Башкирцевди («Отту басуу», РСФСРдин Мамлекеттик сыйлыгы, 1974), В. И. Лениндин ролун «Ишеним» (1976) фильминде, «Жыйырманчы декабрь» (1981) телефильминде ойногон. Эки жүздүү, чүнчүгөн карама-каршы мүнөздөгү адамдарга психологиялык анализ берүүнүн чебери катары Лапиндин («Адамдар, мага ишенгиле!», 1965), Иван Карамазовдун («Бир тууган Карамазовдор», 1969), Гладышевдин («Сүйгөндүгүн айтуу») жана граф Корнеевдин («Менин жароокер жана назик жырткычым») ролдорун жеткиликтүү ойногон. «Бактылуу узун өмүр» (1967), «Биздин тааныш» (1969), «Чайковский», «Любовь Яровая» (экөө тең 1970), «Океан» (1974), «Башка шаарга саякат» (1980) жана башка фильмдерге тартылган. «Тынч Дон» романы боюнча тартылган фильминде Пётр Мелеховдун ролу үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгынын (1978), театрдагы ишмердиги үчүн Лениндик сыйлыгынын (1982) алган. «Бандиттик Петербург», «Мастер жана Маргарита», «Ленинград» жана башка телесериалдарга тартылган. Ленин, 2-даражадагы «Ата Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7