Киров (Ысык-Ата району)
(«Киров, Ысык-Ата району» барагынан багытталды)
Киров, Ысык-Ата району — Чүй областынын Ысык-Ата районундагы кыштак. Ак-Кудук айыл округуна караштуу. Кыргызстан машина сыноочу станциясынын аймагында, деңиз деңгээлинен 697 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол станциясы Кант шаарынан 6 км түндүк тарапта. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 1681 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү ж. б. иштейт. Сов. коомдук ишмер С. М. Кировдун ысмынан аталган.
Киров | |
Кировское | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Тарыхы жана Географиясы | |
Калкы | |
Калкынын саны |
1681 (2007) |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9