Кир II Улуунун цилиндири — чоподон жасалган цилиндр, Кир II Улуунун буйругу менен шынаа түрүндө чопого жеңиштерин жана ырайымдуу иштерин, ошондой эле өзүнүн ата-бабаларынын аттарын жаздырып калтырган тарыхый мурас. Артефакт 1879 - жылы Вавилондогу археологиялык казуу учурунда табылып, Британ музеин толуктаган. Цилиндр дүйнөгө 1960 - жылы Ирандын акыркы Шахы Мухаммед Реза Пехлеви тарабынан таанымал болгон. Ал айттуусу боюнча, цилиндр дүйнөдөгү биринчи жазылган адам укугунун декларациясы. Себеби, ал цилиндрде кулчулукту жойу, дин тутуу эркиндиги тууралу кеп козгогон. Кошумчалап, Шах өз мамлекетинде, мамлекетти негиздеген адамдын сөзүн саясий тамыры катары баалап, мамлекетти курууда ушул жоболорду пайдаланарын айткан.

Алдыңкы бети.
Арткы бети.