Кисловодск — Россиядагы шаар (1830-жылдан). Ставрополь крайынын түштүк-батышында, Чоң Кавказдын түндүк этегинде, Ольховка жана Берёзовка дарыясынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 817—1062 м бийиктикте жайгашкан. Кавказ минералдуу суулар тобунун курамындагы эң ири бальнеологиялык климаттык курорттордун бири. Бир нече санаторий иштейт. Калкы 129,2 миң (2008). Темир жол станциясы. Автомобиль жолу аркылуу Минеральные Воды шаары менен байланышат. 1803-жылы Кисловодск чеби катары негизделген. 19—20-кылымдын курулуштарынан Кисловодск чеби (1803, 1965-жылдан музей), Ребровдун үйү (1829-жылы A. С. Пушкин келген; 1837-жылы М. Ю. Лермонтов жашаган), живописчи Н. A. Ярошенконун чарбагы(1959-жылдан музей-чарбак; анда орус графиkасы менен живописинин топтому коюлгвн), неготика стилиндеги Нарзан галереясы, павильондор (20-кылымдын башы), дачалар ж. б. сакталган. Тамак-аш – татымал, жеңил эмерек, өнөр жай ишканалары, “Нарзан” минералдуу суусун бөтөлкөгө куюучу завод иштейт. Гуманитардык-техникалык, экономика жана укук институттары (1992), университет (филиал), көргөзмө залы, куурчак театры, цирк бар. Шаарда ага жакын жерде көптөгөн табигый эстеликтер кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү