Клетка кабыгы, өсүмдүктүн клетка капталы (лат. Membrana cellulae) - өсүмдүк клеткасынын плазмалык мембранасынын сыртынан орун алган калың көп катмарлуу түзүлүш. К. к. цитоплазмада синтезделген, Гольджи аппаратынын, вакуолдорунун, көбүкчөлөрүнүн жардамы менен ташылып келинген заттардан куралат.

Клетка кабыгы.

К. к-нын структурасы бири-бирине жарыш жайгашкан фибриллдерден жана булалардан түзүлгөн каркастан турат. Фибриллдин, буланын арасындагы боштуктар аморфтук матрикс менен толтурулган. Каркастын кызматын целлюлоза, хитин сымал полисахариддер аткарат. Матрикстин курамы пектинден, гемицеллюлозадан жана кошумча сиңирилген заттардан (лигнинден, минералдык туздардан) турат. Кошумча сиңирилген заттар клеткага ар кандай касиеттерди берет. Мисалы, лигниндин жыйналышы клетканы сөңгөктөнтүп, бышыктыгын арттырат; матриксте суберин менен кутиндин болушу пробканын жана суу өткөрбөөчү катуу кабыкты пайда кылат; минералдык туздар катуулугун, морттугун арттырат. К. к. биринчилик, экинчилик жана үчүнчүлүк кабыкчадан турат. Биринчилик кабыкча клетка бөлүнгөн учурда Гольджи аппаратынан жана андагы заттардан түзүлөт. Меристемалык жана өсүп келе жаткан көп клеткалар биринчилик К. к-на ээ болушат, ал жука пектинге жана гемицеллюлозага бай; биринчилик К. к-нын матриксинде целлюлозанын фибриллдери иретсиз жайгашкан. Биринчилик К. к-нын кээ бир бөлүктөрү бир кыйла жука, каналчалары аркылуу плазмодесмалар өтөт. Экинчилик К. к. кыз клеткалардын тиричилик аракетинин натыйжасында түзүлөт. Бөлүнүүдөн пайда болгон жаңы клеткалардын плазмалык мембраналарынын үстүнө ичинде целлюлоза, гемицеллюлоза кармалган вакуолдор, көбүкчөлөр тизилип, бири-бири менен куюлушуп, экинчилик К. к-ны пайда кылат. Экинчилик к. к. клеткалык кабыкчанын негизги массасын түзүп, клеткага белгилүү форма берет. Экинчилик К. к-нда целлюлоза басымдуулук кылат, анын фибриллдери биринчиликке караганда калың жана иретсиз жайгашкан. Үчүнчүлүк К. к. экинчилик К. к-нын астында жайгашат, тиричилик жөндөмдүүлүгүн жоготкон цитоплазманын каткан катмары болуп саналат.

Жөнөкөйлөрдүн жана көп клеткалуу жаныбарлардын клеткасында К. к. дайыма эле болбойт. Ал өзүнүн ар түрдүүлүгү менен айырмаланат, клетканын сырткы скелетинин жөнөкөйлөрдүн пилликуласы муунак буттуулардын хитиндик кутикуласы коргоо кызматын аткарат (жумуртка клетканын көп катмарлуу кабыкчасы, цистанын кабыкчасы жана башка). Негизинен углеводдордон жана алардын белок менен болгон кошулмаларынан ошондой эле липиддерден жана орг. эмес заттардан турат.

К. к-нын мааниси: клетканын сырткы каркасы, клетканы тышкы чөйрө таасиринен сактайт, клетканын тургордук касиетин камсыз кылат, клеткага суунун киришин жөнгө салып, гипотондук чөйрөдө жашоочу организмдердин клеткаларын сууну ашыра соруп алуусунан сактайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү