Клон (гр. clốn - бутак, чырпык) - жыныссыз көбөйүү жолу менен жалпы тектен келип чыккан, клеткалардын же особдордун жыйындысы. К-дордун пайда болуусу, митоздун негизинде ишке ашып, генетикалык маалымат энелик жана кыз клеткаларга тең бөлүнөт. Ошондуктан, К-дор тукум куугучтугу бирдей клекалардан турат деп эсептелет. Бирок К-дордун бирдейлиги, мутациялардын натыйжасында өзгөрүп турат. Ошондуктан, К-дордун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн сактоо тынымсыз тандоо аркылуу иш жүзүнө ашырылат.

Вегетативдик жол менен көбөйүүчү маданий өсүмдүктөрдө (Мисалы, картошкада), көпчүлүк учурда сорт өз алдынча К. болуп саналат. К-доштруу жолу менен (башкача атйканда вегетативдик көбөйүү аркылуу) сорттун өзгөчөлүгүн сактоого мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү