Колго үйрөтүү - жапайы айбандарды акырындык менен колго үйүр алдыруу процесси. Натыйжада, алар үй айбандары болуп чыгат. Табиятта жапайы айбандардын таралган түрлөрүнүн көптүгүнө карабастан, адам баласы өзүнүн жашоо процессинде алардын бар болгону 60ка жакын түрүн гана колго үйрөтө алган. Бакмалаштыруу мезолит жана неолит доорунда башталат. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, эң алгач адам баласы колго итти үйрөткөн. Андан соң чочко, андан кийин эчки, кой колго үйрөтүлгөн. Жылкынын колго үйрөтүлгөн жери азыркы Түркиянын аймагы болуп эсептелет. Маалыматтар чочконун Кытайда колго үйрөтүлгөнүн тастыктайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү