Колониализм — экономикалык жактан начар өнүккөн өлкөнү, аймакты жана элди согуштук, саясий же экономикалык кысымдын жардамы менен мамлекеттер тобунун эзүүсү жана көз каранды кылуусу. « Колониализм» термини 1960-жылдарга чейин Европанын өнүккөн өлкөлөрү (15-кылымдын аягынан) жана АКШнын (19-кылымдан) Азия, Африка, Латын Америка, Австралия жана Океанияга, ошондой эле Япониянын (20-кылымдын 1жарымында) Океания жана Чыгыш Азияга жүргүзгөн үстөмдүк системасын мүнөздөө үчүн колдонулат. Колониализм системасы Улуу географиялык ачылыштар доорунда калыптанган. 15-20-кылымда Британия империясы жана Германия, Испания, Нидерланд, Португалия, Франция колониялык империялар болгон. 15-19-кылымда Колониализм системасы үчүн башка өлкөлөрдү зордоп басып алуу жана талоо, басып алынган аймактар менен соода жүргүзүүдө монополия түзүүгө умтулуу, эзүүнүн кулчулук формаларын тамырлатуу жана башкалар мүнөздүү болгон. Бул мезгилде колониялык саясат атайын түзүлгөн компаниялар аркылуу жүргүзүлгөн (к. Ост-Инд компаниялары). 19-кылымдын 2-жарымынан колонияларды эксплуатациялоодо эквивалентсиз соода алмашуу чоң ролду ойногон. 19-кдын аягында көз каранды аймактар жана колониялар метрополиянын тикеден-тике мамлекеттик көзөмөлүнө өткөн. 1914-ж. жер шарындагы калктын 60%и, аймактын 66,8%и колонияга жана көз каранды өлкөлөргө айланган. Колонияларда улуттук-боштондук кыймыл күч алган. Ири державалардын ортосундагы колонияларды кайра бөлүштүрүү үчүн күрөш биринчи дүйнөлүк согуштун чыгышын шарттаган. Бүгүнкү историографияда Колониализм өзүнүн өнүгүшүндө төмөнкү этаптарды басып өткөн система катары каралат: 1) Улуу географиялык ачылыштар доорунан Европадагы «эски тартип» кризис дооруна чейин. Европадан тышкары аймактарды (Америкадагы испаниялык жана португалиялык конкисталар) басып алып, аларды тоноп, чыгыш өлкөлөрүнө теңсиз соода байланыштарын таңуулашкан (Азиядагы голландиялык жана англиялык факториялар). Европага башка мамлекеттердин товарлары алынып келген; 2) Европа жана Түндүк Америкадагы өнөр жайы капитализм доору (18-кылымдын аягы 19-кылымдын 2-жарымы). Европа көптөгөн товарларын экспортко чыгарып, жаңы аймактарды өзүнө караткан; 3) колонияларды империалисттик эксплуатациялоо доору (19-кылымдын аягы). Бул мезгилде метрополиялар үчүн пайдалуу болгон товар алмашуу системасы калыптанып, колонияларда метрополиядан капитал чыгаруу өскөн. 2дүйнөлүк согуштун учурунда, өзгөчө 1940-жылдардын 2-жарымы — 1960-жылдардын башында колониялар жа көз каранды мамлекеттерде элдик көтөрүлүштөрдөн улам К. системасы кулап, мурдакы колониялар көз каранды эместикке жетишкен. АКШ, Улуу Британия, Франция, Нидерланд жана башкалар өлкөлөрдүн бийлиги астында айрым гана аймактар (негизинен аралдар) калган. Бирок көз карандысыздык алган мурдакы колониялар өз алдынча иш жүргүзө албагандыктан, өздөрүнүн мурдакы метрополиялары менен тыгыз чарбалык, саясий, маданий байланыштарын сактап калышкан жана метрополиялар мурдакы колонияларынын ички конфликттерине аскердик-саясий кийлигишүүлөрүн жасагандыгы бүгүнкү күнү неколониализм деп айтылат. БУУнун Генералдык Ассамблеясы 14декабрда 1960-ж. кабыл алынган № 1514 резолюциясында К-ди адамзатка каршы эл аралык кылмыш деп жарыялаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү