Колорадо коңузу (Leptinotarsa decemlineata) — курт-кумурскалардын жалбырак жегичтер тукумундагы жандык; картөшкө жана башкалар ит жүзүмдөр уруусундагы өсүмдүктөрдүн коркунучтуу зыянкечи. Дене узундугу 9-12 мм, канатында 5тен кара тактары бар, личинкасы 15 ммге жетет, кызыл же сары кызыл түстө. Европага Түндүк Америкадан (Колорадо штаты) келген (1859). Ургаачысы 2500гө чейин жумурткасын 15-20дан топ-топ кылып, картөшкөнүн жалбырагынын төмөн караган бетине таштайт. Андан 16-24 күндө личинка өсүп жетилет. Биринчи муундагы курту жалбырактын жумшак бөлүгүн, экинчиси өзөгүнөн башкасын жеп, картөшкөнү соолутуп, түшүмүн кескин азайтат. Жергиликтүү шартка оңой көнүп, тез көбөйөт. Коңуздар ташылган жүк жана башкалар аркылуу тарайт. Каршы күрөшүү чаралары: карантин чектөө, зыянкеч тараган аянтка полихлорпинен, кальций арсенаты, хлорофос, фталофос чачуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү