Колумбиялыктар (өздөрүн коломбианос деп аташат) — эл, Колумбиянын негизги калкы. Венесуэлада, АКШда да жашайт. Жалпы саны 34,5 млн киши, андан ичкери 32,5 млну Колумбияда. Испан тилинде сүйлөшөт. Негизинен католицизмди, ошондой эле протестантизмди (пресвитериандар, баптисттер жана башкалар) тутушат. Колумбиялыктардын этностук негизин жергиликтүү индейлер — чибча-муиска, Колумбияга көчүп келген испандардын укум-тукумдары — креолдор, мулаттар жана кул катары Африкадан алып келинген негрлер түзгөн. 16-кылымдын 30-жылдарында испандар Колумбияны басып алган. 18-кылымдын аягында жергиликтүү уруулардын көбүн испан баскынчылары кырган же ассимиляцияланган. Негизинен айыл чарбада (кофе, банан, ананас, тамеки, какао, жүгөрү, буудай, күрүч жана башкалар өстүрөт), ошондой эле нефть, тоо кендерин казып чыгаруу өнөр жайнда эмгектенишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү