Коммунизм чокусу (1962-ж. чейин Сталин атындагы чоку) – Памирдин эң бийик чокусу, Илимдер Академиясы кырка тоосунда (Пётр Биринчи кырка тоосу менен ашташкан жерде). Бийиктиги 7495 м. Капталдарында жалпы аянты 136 км2ге жеткен ири фирн талаалары, мөңгүлөр (Бивачный, Гармо, Памир фирн платосу) бар. Альпинизм өнүккөн; чокуга алгачкы жолу (1933) советтик альпинист Е. М. Абалаков чыккан. Тажикстанда. 1999-ж. тажик мамлекеттүүлүгүнүн алгачкы негиздөөчүсү Исмаил Саманинин аты берилген.

Коммунизм чокусу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү