Комплекстүү сандар – z=x+iy түрүндөгү сандар; мында x жана y чыныгы сандар, i= -1 мнимый бирдик. x – чыныгы, y – жалган (мнимый) бөлүгү. Комплекстүү сандар. менен болгон амалдар i2=—1 шарты эсепке алынып, чыныгы сандар менен болгон амалдардай эле аткарылат, Комплекстүү сандардын тобу алг. касиеттери боюнча сан талаасын түзөт. Комплекстүү талаада n-даражадагы ар кандай алг. теңдеменин n чыгарылышы болот (тамырлардын эсептүүлүгүн кошо эсептегенде). z=x+iy Комплекстүү сандар геометриялык түрдө тегиздикте абциссасы x жана ординатасы y болгон М чекитин же ошол чекитти координата башталмасы менен бириктирген ОМ векторун билдирет. Бул чиймеден Комплекстүү сандардын тригонометриялык 2=х+1у=г(соз]+з1п]) же уюл координата x=r cosj, y=r sinj формуласы келип чыгат жана x=z++iy=r (cosj + sinj) экендиги келип чыгат. Мында г == z = Комплекстүү сандардын модулу, φ –анын аргументи деп аталат. Аргумент cosj= r же sinj= r барабардыктарынан аныкталат. z=x+iy, z=x–iy комплекстүү түйүндөш сандар. Комплекстүү сандар физикада, техникада жана географиялык карталарды түзүүдө ж. б. тармактарда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү