Компресс (фр. compresse, лат. compressus — орулган) — дарылоочу атайын таңуу. Компресс кургак жана нымдуу (жылыткыч, дарылоочу, ысык жана муздак) болот.

Компресстин түрлөрү түзөтүү

Кургак компрессти бир нече каттаган дакинин үстүнө кебез төшөп, бинт менен бастырып, жабыркаган жерге (күйүккө, жараатка) коёт. Жылыткыч компресс көп колдонулат. Дакини же чүпүрөктү каттап, бөлмө температурасындагы сууга салып, сыгып, ооруган жерге коёт. Кездеменин үстүнө 1 — 2 см ашып тургандай клеёнка же мом кагаз жаап, анын үстүнө көбүрөөк кебез төшөп, компресс жылып кетпегендей жана оорулууну кыспагандай бинттөө керек. Жылыткыч компресс сезгенүүгө каршы таасир этип, кан тамырларды кеңейтүү менен дененин керектүү жерине кан келүүнү көбөйтөт. Адатта аны 10—12 саат кармайт. Компрессти түнкүсүн коюу ыңгайлуу; эртең менен алганда чүпүрөк жылуу жана ным болуусү тийиш.

 
1—дарыга малынган чүпүрөк; 2—клеёнка же суу өткөрбөс кагаз; 3— кебез; 4— бинт.
  • Жылыткыч компресстин таасирин күчөтүү үчүн бинттин үстүнө жылыткыч койсо болот, ал эми чүпүрөктү сууга эмес жарымына суу кошулган аракка же спиртке чылайт.
  • Дарылоочу компресс жылыткыч компресстин эле өзү, бирок анын таасирин күчөтүү үчүн сууга догдур сунуш кылган дары (мисалы, бир стакан сууга бир аш кашык сода) кошулат.
  • Ысык компресс ооруну басып, сезгенүүгө каршы жана алаксытуучу таасири бар. Ал булчуң, муун жана башка ооруганда ошолжерди ысытуу үчүн коюлат. Ысык сууга (60—70°С) малынган чүпүрөктү 5—10 минутада алмаштырып басуу керек. Ысык компресс жылыткыч компресс сыяктуу эле коюлат.
  • Муздак компресс катуу урунууда, мурун канаганда жана башка коюлат; ооруну басаңдатып, дененин ооруган жерине кандын келишин азайтат. Чүпүрөктү каттап муздак сууга салып (муз жакшы) сыгып, ооруган жерге 2—3 мөнөт коёт; бул процедураны бир нече жолу кайталоо керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8