Конвергенция теориясы (орус. Теория конвергенции), (лат. convego – жакындайм, биригем) – Батыш коом таануусунда учурдагы коомдук өнүгүүнүн өзгөчөлүгү катары социализм менен капитализм сыяктуу эки социалдык-саясий системаларын өз ара жакындаштырган, капитализм менен социализмдин ортосундагы экономикалык, саясий жана идеологиялык айырмачылыктарды жоюу менен алардын синтезинен «аралаш коомду» түзүүгө карата тенденцияны атаган концепциялардын бири. Негизги өкүлдөрү: Дж. Гэлбрейт, У. Ростоу, Я. Тинберген ж. б.

Америкалык социолог жана коомдук ишмер, 1977-81-жылдары АКШнын президенти Дж. Картердин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Збигнев Бжезинский (1928 ж.) тарабынан дүйнөнүн борбору болуп Москва менен Вашингтон эсептелиши керек, СССР менен АКШ социализм менен капитализмдин ашынган формаларынан баш тартып, бирдиктүү мамлекетке баш ийүүсү зарыл деген идеялары 20-кылымдын 80-жылдарынын 2–жарымында СССРдин 1-президенти М. С. Горбачев тарабынан кабыл алынган.

Бжезинскийдин теориясы боюнча СССР коммунизмден, коммунисттик партиядан, коомдук менчиктен, Варшава келишиминен, тоталитаризмден баш тартып, батыштын эркиндик, демократия, базар экономикасы сыяктуу баалуулуктарын кабыл алып, АКШ өз кезегинде милитаристтик саясаттан, башка өлкөлөрдүн ички турмушуна кийлигишүүдөн, жарыша куралдануудан, НАТОдон, капитализмдин ашынган формаларынан баш тартып, социализмдин оң жактарын кабыл алууга тийиш болгон. М. С. Горбачевдин жетекчилиги астында мындай талаптар толугу менен аткарылганы менен АКШ тараптан макулдашуунун көп бөлүгү аткарылбастан калып, СССРдин кулашына бир кыйла өбөлгөлөрдү түзгөн. Бжезинскийдин ушул эле теориясы Кытай мамлекетине да сунуш кылынган, бирок Кытай аны кабыл алган эмес.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8