Циолковский Константин Эдуардович (5 (17). 9. 1857, РФ, азыркы Рязань обл, Ижевский айылы - 19.9.1935, РФ, Калуга) - аэродинамика, ракета динамикасы, самолёт жана дирижабль теориясы боюнча орус илимпозу жана ойлоп чыгаруучусу; азыркы космонавтиканын негиздөөчүсү.

Файл:Tsiolkovsky.jpg
Туулган жылы:

5 -сентябрь 1857(1857-09-05)

Туулган жери:

Ижевское, Разян губерниясы, Орус империясы

Каза болгон жылы:

19 -сентябрь 1935(1935-09-19) (78 жаш)

Каза болгон жери:

Калуга

Өлкө:

Орусия - СССР

Илимий чөйрөсү:

Космонавтика

Бала кезинде такыр укпай калган, 14 жашынан өз алдынча окуган; 1879 - ж. мугалим болуу үчүн экстерн экзамен тапшырып, өмүр бою физика жана математикадан сабак берген. 1880 - жылдан Калуга губерниясынын Боровский унттик окуу жайында арифметика жана геометрия мугалими болгон. Циолковский 1880-81-ж.«Газдардын теориясы » деген эмгек жазган. Ал эмгегинде газдардын кинетикалык теориясынын негизи баяндалган. Анын экинчи эмгегине («Жаныбар организминин механикасы») И. М. Сеченов жакшы баа берип, Циолковский Орус физикалык-химиялык коомуна кабыл алынган. 1884-жылдан кийинки Циолковскийдин негизги эмгектери төрт проблемага: металл дирижаблди, абада учууга ыңгайлуу формадагы аэропланды, аба жаздыкчасындагы поездди жана планета аралык саякат үчүн ракетаны илимий негиздөөгө арналган. 1886-жылдан реактивдүү аппараттардын кыймыл теориясы боюнча иштеп, алыска учуучу ракета жана планеталар аралык саякат ракетасынын бир нече схемасын сунуш кылган. 1917-жылдан кийин реактивдүү самолёттордун учуу теориясын түзүп, газ турбиналуу кыймылдаткычтын схемасын ойлоп тапкан, 1927-ж. аба жаздыкчасындагы поезддин теориясын жана схемасын жарыялаган. «Дүйнөлүк мейкиндикти реактивдүү аспаптар менен изилдөө» (1903-14) аттуу эмгеги ракета жана суюк отундуу ракета кыймылдаткычы теориясынын негизин түзөт. Ал космос аппаратын атмосферасыз планета бетине кондуруу маселесин биринчи болуп чечкен.1926-29-ж. көп баскычтуу ракета теориясын, 1932-ж. реактивдүү самолёттун стратосферада учуу теориясын жана гиперүн ылдамдыктагы самолёттун түзүлүш схемасын иштеп чыккан. Циолковский - планеталар аралык катнашуулар теориясынын негиздөөчүсү. Ал биринчи болуп жердин жасалма спутниги жана Жерге жакын станция куруу (Күн энергиясын пайдаланып) идеясын айткан.

Циолковский - ракета куруу боюнча оргиналдуу эмгектердин, ошондой эле лингвистика, биология, философия ж.б. боюнча да көптөгөн изилдөөнүн автору. Циолковский 1932-ж. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Циолковскийдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына байланыштуу СССР ИА К. Э. Циолковский атындагы алтын медаль белгиленген. Москва менен Калугада эстелиги тургузулган; Калуга менен Ижевскиде мемориал музей үйү түзүлгөн; Мамлекеттик космонавтиканын тарых музейи жана Калуга педагогика институту, Москва авиац. технолиялык институту анын ысмында. Айдагы кратер Циолковскийдин ысмы менен аталган. Циолковскийдин техникалык идеялары ракета космос техникасын түзүүдө колдонулууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9