Константин Устинович Черненко (24. 9. 1911, Россия империясы, Енисей губерниясы, Минусина уезди, Новосёлов болуштугу, Чоң Тесь кыш. - 10. 3. 1985, Москва) - мамлекеттик ишмер; КПСС БКнын Генералдык секретары (1984-85), СССР Жогорку советинин президиумунун төрагасы (198485). КПСС БКнын саясий бюронун мүчөлүгүнө кандидат (1977), мүчөсү (1978). ВКП(б) БКнын алдындагы жогорку мектепти (1945), Кишинев педагогика институтун бүтүргөн (1953).

ЛКЖС Новосёлов райкомунда агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы (192931). Кызыл армиянын 49-чек ара отрядында (Казакстан) аскер кызматын өтөп (1931-33), Красноярск крайынын Новосёлов, Уярск райондорунда агитация жана пропаганда бөлүмунүн башчысы, крайлык партиялык агартуу үйүнүн директору (1933-41), Красноярск крайкомунун секретары (1941-43), Пенза обкомунун секретары (1945-48), Молдавия КП ВКнын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы (1948-56), КПСС БКнын алдындагы массалык агитация жана пропаганда бөлүмүнүн секретары (1956-60), СССР Жогорку Советинин Президиумда секретариаттын башчысы (1960-65), КПСС БКнын алдындагы жалпы бөлүмдүн башчысы (1965-82) болуп иштеген. Социалисттик Эмгектин үч жолку баатыры (1976, 1981, 1982), Ленин сыйлыгынын лауреаты (1982), 4 Ленин, 3 Эмгек Кызыл Туу ордендери ж. б. медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4