Конферансье (французча conférencier – докладчы) – концерт номерлерин жарыялап туруучу жана алардын аралыгында өнөр көрсөтүүчү эстрада артисти. Адатта анын сахнадагы жүрүш-турушу комедиялык мүнөздө болот. Конферансье алгач 19-кылымдын 60-жылдарында Францияда – 20-кылымдын 10жылдары Россияда пайда болгон. Кыргызстанда алып баруучу деген ат менен тараган. Белгилүү алып баруучулар Г. Молдоева, Б. Мамытов, К. Жумалиев ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү