Коомдук таптар – ишмердүүлүгүнүн шарттары менен бириккен адамдар тобу. Ар кандай тапка таандык адамдардын өз ара алакалары алардын өндүрүштүн шарттарына, каражаттарына жана продуктыларына болгон мамилеси менен шартталат. Демек, адамдар жеке касиеттери менен жөндөмдүүлүктөрүнө көз карандысыз түрдө тигил же бул тапка биригишет. Адамдардын таптык жалпылыгы алардын нерселерге, биринчи кезекте өндүрүш каражаттарына болгон мамилеси аркылуу аныкталат.


Эреже катары таптар тууралуу түшүнүмдөр таптык күрөш идеясы менен тыгыз байланыштырылат. Бирок, ошону менен катар эле коомдук таптар адамдардын коомдогу реалдуу жана практикалык классификациясы болуп саналат. Мындай классификация өтө орой жана жакындаштырылган мүнөзгө ээ. Ошондой болсо да ал адамдар жамааттарынын заттык, ошол эле мезгилде абстракттуу (жеке индивиддерден обочолонгон) бөлүнүшүн, алардын турмуш тиричилигинин айырмачылыктарын, керектөөлөрү менен кызыкчылыктарын чагылдырат.

Капиталисттик өндүрүшкө негизделген индустриалдык коомдо таптардын нерселик аныктагычтары болуп өндүрүш каражаттарына болгон менчик, кирешенин жана байлыктын формалары эсептелишет. Постиндустриалдык коомдо өндүрүлгөн же адамдар тарабынан энчиленген нерселердин саны эмес, адам турмушунун сапаты алдыңкы орунга чыгат. Мындай жагдайда коомдун өндүрүш каражаттарына болгон менчикке негизделген таптарга бөлүнүшү анча мааниге ээ болбой калат. Анткени, андай коомдо адамдардын жандуу ишмердиги, анын сапаттуу уюшулушу, маалыматка каныгуусу социалдык баага арзыйт да, адамдардын жансыз нерселерден тике көз карандылыгы четке кагыла баштайт.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8